НАН БЫШЫРУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:21, 9 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НАН БЫШЫРУУ - камырдан нан даярдоочу жеңил ө. ж. тармагы. Н. б-нун негизги сырьё­су - ар кандай сорттогу буудай же кара буудай уну, суу, ачыткы, туз, ал эми кошумчасы - шекер, май, сүт, жумуртка ж. б. Н. б. сырьё кабыл алуу жана сактоо, камыр жууруу, ачытуу (көптүрүү), даяр камырды белгилүү формада ийлөө, көмөч казанга, табага, мешке салуу, бышыруу, суутуу, кээ бир учурда, таңгактоо сыяктуу этаптардан турат. Азыр Н. б. негизи­нен механикалаштырылган. Эленген ун магнит аппараты аркылуу өткөрүлүп, башка кошумча­лардан (мисалы, металл күкүмүнөн ж. б.) арылты­лат да, камыр жууругуч машинада жуурулат. Камыр 3-4,5 ска ачытылып, анан температурасы 33-38°С мешке конвейер менен киргизилет, анда 20-40 мин коюулуп, камырдын ачышы тездейт. Ачыган камыр кесилип, керектүү форма бери­лип, температурасы 200-300°С жана нымдуулугу 15- 70% болгон нан бышырылуучу меште (жылуу­лук агрегаты), атайын металл идиште же меш­тин ичинде бышырылат. Нан бышырылуучу меш технол. белгилери боюнча кеңири ассортимен­тте, аз ассортиментте жана адистештирилген бо­луп, негизинен үч топко бөлүнөт. Эксплуатация­сы боюнча мезгилдүү иштөөчү жана үзгүлтүксүз иш­төөчү болуп айырмаланат. Бышырыла турган нандын түрүнө жараша (мисалы, токоч ж. б.) ка­мыр да түрдүүчө даярдалат. Мештен алынган нан 30-40°ка суутулат (буудай нан 3 с, кара буудай наны 4 с). Кийинки мезгилде Н. б-да нандын ассортиментин, ошондой эле даамын, жыттуулугун, сырткы көрүнүшүн жакшыртуу боюнча көп аракет­тер көрүлүүдө. Ошондой эле нандын курамындагы бе­лок заттарына, биол. баалуулугуна, алмашты­рылгыс амин кислоталарына жана витаминдерге чоң көңүл бурулат.

Ад.: Ауэрман Л. Я. Технология хлебопекарного производства, М., 1972.