НАН
НАН - дандан даярдалуучу азык, токоч. Вуудай, арпа, жүгөрү, сулу унунан жуурулуп, бышырылат. Археол. маалыматтарга караганда

машактуу өсүмдүктөрдүн данын азык катары пайдалануу мындан 10-15 миң жыл мурда башталган. Бул доорлордо от да колдонулуп, данды кууруп (бышырып) жешке шарт түзгөн. Ар кайсы элдин турмуш ыңгайына жараша Н. жасоо өзгөчөлүктөрү бар. Кыргыздарда Н. бышырылышына, жасалышына карай дандыр Н., көмөч Н., жапкан Н., калама Н., токоч Н. ж. б.; унуна карай арпа Н., буудай Н., загара Н. ж. б. түрлөргө бөлүнөт.