НАМАТОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:21, 9 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НАМАТОВ Сатыбалды (1905, азыркы Нарын обл., Ат-Башы р-ну, Жаңы-Күч айылы - 14. 2. 1938, өлгөн жери белгисиз) - алгачкы агартуу­чу, методист.

Кыргыз тилин жана адабиятын окутуу­нун методикасына алгач чыйыр салган. Алматыдан Агартуу институтун бүтүргөн (1928). «Сабатсыз аялдар үчүн Алиппе» (1929), «Са­батсыздык жоюлсун» (1929), «Чала сабаттуулар үчүн окуу куралы» (1930), «Са­баттуу колхозчу» (1932), «Башталгыч мектептер үчүн кыргыз тилинин методи­калык көрсөткүчү» (1935) сыяктуу эмгектерди жазган жана Н. Гоголь, Д. Фурманов, М. Шолоховдун айрым чыгар­маларын кыргыз тилине которгон. 1937-ж. контррев-чыл «Социал-Туран» партиясынын

мүчөсү, Наркомпростун методисти катары окуу куралдарына контррев-ячыл идеяларды кир­гизген жана К. Тыныстановдун жактоочусу деп айыпталып, 1938-ж. атылган. 1956-ж. 26-фев­ралда акталган.