НАЛИВКИН Владимир Петрович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:21, 9 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НАЛЙВКИН Владимир Петрович [25. 2 (15. 7). 1852, Калуга ш. - 20. 1. 1918, Ташкент] — орус офицери, тарыхчы, тилчи, коомдук ишмер. Пе­тербург ш-ндагы 1-аскер гимназиясын жана ас­кер окуу жайын аяктап, 1873-75-ж. генерал М. Д. Скобелевдин алдында Хива жана Кокон жүрүшүнө катышкан. Кийин Фергана обл-нун Наманган уездинин начальнигинин жардамчы­сы болгон. Өзбек, тажик, фарсы тилдерин үйрөнүп, аялы М. В. Наливкина менен бирге 1886-ж. Фергана обл-ндагы аялдардын коом­догу жана үй-бүлөдөгү ордун изилдеп чыккан. Ал эмгеги үчүн Орус географиялык коомунун чоң алтын ме­далына татыктуу болгон. Өзбек-орус, орус-өзбек, фарсы-орус, орус-фарсы сөздүгүн, «Кокон хан­дыгынын кыскача тарыхын» жана тарыхый-эт­ногр. очерктерди жазган. 1884-жылдан Ташкент ш-ндагы орус-тузем мектебинде мугалим, кийин Түркстан мугалимдер семинарийинде окутуучу, 1907-ж. Сыр-Дарыя обл-нан 2-Мамлекеттик Думага де­путат болуп шайланган. 1917-жылдан убакты­луу өкмөттүн Түркстан комитетинин төрагасы.

Эмг.: Краткая история Кокандского ханства. Казань, 1886; Туземцы раныпе и теперь. Таш., 1913.

Ад.: В. П. Наливкин//Историография общественных наук в Узбекистане. Биобиблиографические очерки/ Сост. Б. В. Лунин, Таш., 1974; Наливкин Владимир Петрович//Биобиблиографический словарь отечест­венных тюркологов. Дооктябрьский период. М., 1974.