НАЙМАНБАЙ
НАЙМАНБАЙ Балык уулу (1853, Кетмен-Төбө өрөөнү - 1911, Чүй өрөөнү) - төкмө акын, манасчы, сарбагыш уруусунун чоң чарык уругунан. Атасы Балыкооз Кумар уулу Кетмен-
Төбөдөн Чүйгө келип, «Манасты» 16 жашынан айта баштаган. Н. айткан варианттын «Таластын көрүнүшү», «Манастын кээ бир кийимдери», «Манастын күмбөзү» деген айрым эпизоддук үзүндүлөрү Ырыскулбеков Сулаймандан 1923-ж. К. Мифтаков жазып алган. Манас архитектуралык-скульптуралык композициясында 19-к-дагы чоң манасчы Н-дын бюсту бар.
