НАЗЫМ ХИКМЕТ
НАЗЫМ ХИКМЕТ Ран (20. 1. 1902, Грекия, Салоники ш. - 3. 6. 1963, Москва) - түрк акыны, коомдук ишмер. Түрк революциячыл поэзиясына негиз салган. Ырлары 1917-жылдан жарыялана баштаган. 1921-ж.

СССРге келип, Чыгыш эмгекчилеринин коммунисттик университетинде окуган. 1924-ж. Түркияга кайта барып, революциячыл гезит-журналдарда иштеген. 1925-ж. кайра СССРге келип, өз өлкөсүнө 1928-ж. жашырын кайткан. Туңгуч жыйнагы 1928-ж. Бакуда чыккан. Түркияда «835 сап ыр» (1929), «Варан-3» (1930), «Үнү бүткөн шаар» (1931), «Түндө келген телеграмма» (1932), «Портреттер» (1935) ж. б. ыр жыйнактары, «Жиоконда менен С-Я - у» (1929), «Бенержи эмнеге өз жанын кыйды?» (1932), «Таранта Бабуга кат» (1935), «Шайык Бедреддин Шимави баяны» (1936) аттуу поэмалары жарык көргөн. «Баш сөөк» (1932), «Өлүк үйү» (1932), «Унутулган адам» (1935) пьесаларын жазган. Рев-чыл чыгармалары үчүн көп жолу түрмөгө түшүп, 1938-ж. 28 жылга кесилген. Өмүрүнүн 17 жылын камакта өткөзгөн. Түрмөдө отурганда «Адамдар панорамасы» эпопеясын, «Түрмөдөн каттар» түрмөгүн, «Махабат уламышы» жана «Жусуп сулуу» пьесаларын жараткан. 1950-ж. камактан бошонуп, бир жылдан соң СССРге келген. Москвада мыкты ырларын, поэмаларын («Чач саманы, кирпик көгү» ж. б.), пьесаларын («Түркия жөнүндө аңгеме», 1952; «Апенди», 1955), «Романтика» (1963) романын жазган. Н. X. Р. түрк поэзиясынын мазмунун жана формасын жаңылаган. Чыгармалары дүйнөдөгү көп тилге, анын ичинде кыргыз тилине да которулган (С. Жигитов). «Унутулган адам» пьесасы Кыргыз драма театрында коюлган.
Ад.: Тверской А. Босфор ырлары. Назым Хикмет жөнүндө аңгемелер. Ф., 1976; БабаевА. А. Назым Хикмет. М., 1975.