НАЗАРКУЛОВ
НАЗАРКУЛОВ Алтыбай (15. 8. 1931-жылы туулган, азыркы Жалал-Абад обл., Токтогул р-ну, Көөдүл айылы) - ветеринария илимдеринин доктору (1993), проф. (2000). КРдин эмг. сиң. зоотехниги (1981), КРдин илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (2006). К. И. Скрябин атындагы КАЧИни бүтүргөн (1953). Кыргыз ССРинин Айыл чарба министрлигинин башкы зоотехниги (1953-55), Ысык-Көл обл-нун Тоң р-нунун башкы зоотехниги (1955-58),Ысык-Көл обл-нун Балыкчы р-нундагы «Көк-Мойнок» совхозунун (1958-61), Ош обл-нун Кара-Суу р-нундагы «Катта-Талдык» асыл тукум кой заводунун (1961-70) директору, Кыргыз мал чарба ИИИде бөлүм башчы (1971-2007), 2008-жылдан ошол институттун
башкы илимий кызматкери. Негизги илимий багыты Түштүк Кыргызстанда өстүрүлгөн уяң жүндүү койлордун ички типтерин жакшыртуунун селекциялык жолдору, Кыргызстандын бийик тоолуу шартында койдун жүн жана эт азыктуулугун көбөйтүү ж. б. боюнча 1995-2000-ж. Ысык-Көл обл-нун Тоң р-нундагы «Айкөл» кооператив чарбасында этмай багытындагы койдун жаңы Айкөл тукумун чыгарган. 155тей илимий эмгектин, анын ичинде 3 окуу китептин, 12 монография жана патенттин автору.
Эмг.: Айкөл тобундагы кой. Б., 2003; Кой чарбасында өнөр жайлык аргындаштыруу. Б., 2005.