НАДИР ШАХ
НАДИР ШАХ Мухаммед (9. 4. 1883, Индия, Дехрадун ш. - 8. 11. 1933, Кабул) - Афганстандын королу (1929-33). Индиядагы аскер окуу жайын бүтүргөн. Фарсы, пушту, урду, англис, француз ж. б. тилдерди жакшы билген. 1901-ж. Афганстанга кайтып келип, афган армиясында кызмат өтөгөн. 1903-17-ж. капитан
наамында батальондун командири, Кабул гарнизонунун башчысы, башкы командачы, 1919-ж. үчүнчү Англия-Афган согуштарынын мезгилинде афган күчтөрүнүн командачысы, 1919-24-ж. аскер министри жана жогорку командачы, 1924-27-ж. Афганстандын Франциядагы элчйси, 1929-ж. мекенине кайткан соң, Хабибулла Бача-и Сакаонун көтөрүлүшүнө каршы күрөштү башкарган. Н. ш. королдук бийликти колуна алгандан кийин өлкөгө экономикалык жана социалдык реформаларды жүргүзгөн. 1931-ж. жаңы конституция кабыл алып, мыйзам алдында бардык жарандар бирдей жана тең укукта деп жарыялаган. 1932-ж. Кабулга улуттук банк, медициналык мектеп, Кабул университетин ачкан. 1933-ж. Н. ш. эмир-реформатор Аман-Аллахтын талапташтарынын колунан атылган.
