НАВОИ ОБЛУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:21, 9 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НАВОИ ОБЛУСУ - Өзбекстандагы администрациялык бирдик. 1982-ж. 20-апрелде Бухара менен Самарканд обл­нун кошулушунан уюшулган. Облус Казакстан Респ., Жызак, Самарканд, Бухараобл. жанаКара­калпакстан менен чектешет. Аянты 111,0 миң км2. Калкы 767,3 миң (2006); негизинен өзбектер (63,3%), ошондой эле орус (13,5%), казак (11,5%), та­тар (2,6%), украин (1,4%), каракалпак (1,4%), тажик, азербайжан, беларус ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Калкынын орт. жыштыгы 1 кл2ге 7 киши. Облуста 8 администрациялык район, 6 шаар (Зарав­шан, Навои, Кызыл-Тепе, Нура-Тоо, Үч-Кудук, Кармана), 8 шаарча, 53 кыштак бар. Администрациялык бор­бору - Навои ш. Облус Өзбекстандын борбордук бөлүгүндө жайгашкан. Түндүк-батышын Кызыл­Кум чөлү (бийикт. 992 лгге чейин) ээлесе, чыгы­шында Нура-Тоо кырка тоосу созулуп, түштүгү­нөн Заравшан д. агат. Климаты кескин конти­ненттик, чөлдүү. Январдын орт. температурасы -1,9... - 0,6°С, июлдуку 27,2 -29,6°С, чөлдө 60-70°Сге чейин жетет. Жылдык жаан-чачыны 125- 282 мм. Башкы дарыясы - Заравшан. Куйма­зар суу сактагычы курулган. Ксерофиль бадал­дары, эфемер, эфемероид өсүмдүктөрү басымдуу. Кен байлыктары: вольфрам, фосфорит, кварц куму, цемент, акиташ. Алтын кенинин запасы да бар. Ө. ж-нын негизги тармагы - энергети­ка. Ошондой эле тоо-кен (анын ичинде Навои тоо-кен металлур­гия комбинаты), химиялык («Навои-азот»), цемент, тамак-аш, курулуш материалы ө. ж., Навои ГРЭСи иштейт. Өзбек-Америка «Заравшан-Нью­монт» алтын өндүрүү биргелешкен ишканасы (тоо-кен комбинатынын таштандыларынын не­гизинде) курулган. Сугат дыйканчылыгы мүнөз­дүү. Пахта, дан өсүмдүктөрү, бакча, жашылча­жемиш өстүрүлөт. Багбанчылык, жүзүмчүлүк, жибекчилик жана каракөл коюн асыроо (2005-ж. 500 мин даана тери даярдалган; Бухарадан ки­йинки 2-орунда) өнүккөн. Т. ж-нунуз. 390,7 км (Ташкент - Түркмөнстан, Ташкент - Үч-Кудук), автомобилдики 4,1 миң км (анын ичинде 3,0 мин кми асфальтталган). Облуста жалпы билим берүүчү 362 мектеп (анын ичинде музыкалык, спорт жана адистешти­рилген), (Ташкент педагогикалык жана техникалык), университеттеринин филиалдары китепканалар, 2 музей бар.

Б. Амираева.