МЮЗИК-ХОЛЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:21, 9 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЮЗИК-ХОЛЛ (англ. music-hall - концерт залы) - эстрада театрынын бир түрү. Алгачкы М.-х. Лондонго жакын жерде Воксхоллдо ачыл­ган. 1890-ж. Лондондо «Альгамбра» М.-х-у пай­да болуп, анда эстрадалык жана ири цирк артист­тери катышкан, өзгөчө клоун оюндары ийги­ликке ээ болгон. Башында бул оюндар көбүнчө жөнөкөй көрүүчүлөргө арналса, кийинчерээк европалык жана америкалык М.-х-дордо чектен ашкан та­машалар, шаан-шөкөттөр, адепсиздик, эротика көп орун ала баштаган. Россияда 1923-ж. Мос­ква багындагы «Аквариумда» ачылган.