МЭЭ
МЭЭ - адам_м-н жаныбардын нерв системасынын борбордук бөлүгү. Борбордук нерв системасы бар омурткасыз жаныбарларда организмдеги негизги функцияларды, жүрүм-турум реакцияларын ганглийлер башкарат. Хордалууларда нерв клеткаларынын чогундусу ланцетниктердин баш жагында пайда болгон. Оймок ооздууларда М-нин алдынкы, ортонку жана арткы бөлүктөрү болот. Балыктарда жана кургакта жашоочу омурткалуулардыкы да ушундай түзүлүштө. Ал эми жерде-сууда жашоочулар менен сойлоочуларда М-нин ортонку жана алдынкы бөлүгү өзгөргөн. Сойлоочуларда аралык М. жана эки жарым шар жакшы, ал эми куштарда кара куш М. кыйла өөрчүгөн. Сүт эмүүчүлөрдүн алдынкы М-си дифференцияланган жана М-нин чоң жарым шарларынын кыртышы жакшы өөрчүгөн. Ал баш сөөк көңдөйүндө жайгашкан. Адамдын М-си болжол менен 1,2-1,4 кг гачейин жетет. Ал жогорку нерв ишин, адамдын психикалык жана тиричилик функцияларын жөнгө салат, айлана-чөйрөдөн жана ички органдардан кабыл алынган козголууларды тынымсыз кайрадан иштеп чыгып, аларды анализдейт жана синтездейт. Ар бир орган менен системанын ишин башкарып, тартипке салат. М. бири-бири менен тыгыз байланышкан бөлүктөрдөн - чоң жарым шарлардан, каракуш мээ жана мээ сүмбөсүнөн (аралык, ортонку, сүйрү М.) турат. Аралык, ортонку жана сүйрү М-де түрдүү милдетти аткаруучу көп сандаган нерв клеткалары - борборлор жайгашкан. Сүйрү мээнин капталы нерв жипчелеринен туруп, калың болот. Анда дем алуу, кан айлануу, жутуу, кусуу борборлору бар. Ортонку М-нин калың капталында кээ бир рефлекстик борборлор - көрүү жана угуу, ошондой эле булчуңдарды чыңоо борборлору орун алган. М-нин сүмбөсүндө жайгашкан көп борборлордун ичинен тор сымал түзүлүштүн мааниси чоң. Ал өтө чоң жана кичине борборлордон туруп, бири-бири менен нерв жипчелери аркылуу байланышкан. Ал нерв жипчелери борбордук нерв системасынын бардык бөлүктөрүн байланыштырып турат. Аралык М. эки чоң жарым шардын астында жайгашып, М-нин сүмбөсүн чоң жарым шарлар менен туташтырат. М-нин бул бөлүгүндө 40тан ашык түрдүү борборлор бар. Көрүү дөңчөсүнүн алдындагы нерв клеткаларынын чогулган жери гипоталамус деп аталат. Анда дене температурасын, зат алмашууну, кан басымын жана уйкуну жөнгө салуучу борборлор жайгашкан. Түзүлүшү жана физиол. кызматы боюнча ал гипофиз менен байланыштуу. Мээ сүмбөсүн үстүнөн жана арт жагынан каракуш мээ басып турат. Адамдын алдынкы М-си эки (оң жана сол) чоң жарым шардан туруп, ал ак жана боз заттан түзүлөт. Нерв талчаларынан турган ак зат мээ кыртышынын астында жайгашкан. Ал эми нерв клеткаларынан түзүлгөн боз зат жарым шардын үстүндө жайгашып, мээ кыртышын түзөт. М. кыртышынын калыңдыгы 2- 5 мм болуп, анда болжол менен 14 млрддан ашык нейрон бар. Бул эки жарым шарды узунунан кеткен терең жарака бөлүп турат. Эки жарым шар бири-бири менен нерв жипчелеринен турган бириктиргич чор денече аркылуу бириккен. Жарым шарды каптаган мээ кыртышы көп сандаган буткулдарга (жылгаларга) бөлүнөт. Бул жылгалар М. кыртышынын бетин чоңойтот. Алар түрдүү тереңдикте болот. Эң терең жылгалар ар бир жарым шарды маңдай, эмгек, арткы жана аралча бөлүктөрүнө бөлүп турат. М. кыртышында өтө көп борборлор орун алган. Алар функциялык өзгөчөлүгү, аткарган милдеттерине жараша мээ кыртышынын белгилүү бөлүктөрүндө жайгашат. Ар бир жарым шардын тереңинде (кыртыш алдында) топтошкон нерв борборлору жайгашкан. Жарым шарлар менен нерв борборлорунун арасында ак заттан турган нерв жипчелери бар. Алар бор. нерв системасына сырттан жана ичтен келген кабарларды жеткирип турат. Мээнин бардык бөлүктөрүнүн ичинде алардын карынчасы деп аталган көңдөйчөлөр болот. Бул карынчалар кан тамырлар бөлүп чыгарган мээ-жүлүн суюктугу менен толгон. М.

менен жүлүн сыртынан туташтырма ткандуу кабык менен капталган. Ал кабык үч катмардан (катуу, желе сымал жана кан тамырлуу) турат. Кан тамырлуу кабык мээге тыгыз жайгашып, кан менен камсыз кылат жана мээ суюктугун иштеп чыгарат. М-нин катуу кабыгы мээни бөлүктөргө бөлүп, куту сымал каптап, аны сырткы күчтөн, урунуудан сактайт. М. кабыктарынын беттешкен жерлеринде мээ суюктугу менен толгон боштуктар болот. М-нин кызматын изилдөөдө И. М. Сеченов, И. П. Павлов, В. М. Бехтерев ж. б. окумуштулардын салымы чоң. Ошондой эле к. Борбордук нерв системасы.
Ад.: Симонов П. В. Мозг. М., 1982; Шеперд Т. Нейробиология. М., 1987.