МЫШЫК СЫМАЛДАР
МЫШЫК СЫМАЛДАР (Felidae) - сүт эмүүчүлөрдүн жырткычтар түркүмүндөгү тукуму. Башы тегерек, тулку сымбаттуу, булчундуу; буттары
күчтүү, тырмагы чоң, курч, куйругу узун. Түрдүү чоңдукта. Жүнү кыска, жыш; терисинде кара тактары же тилкелери болот; талаа жана чөлдөгүлөрү сары же кум түстүү. М. с-дын угуу жана көрүү органдары жакшы өөрчүгөн, жыт сезүүсү начар. Бутунун учу менен басат, алдынкы буту 5, арткысы 4 манжалуу. Кылкыйма жана азуу тиштери жакшы өөрчүгөн. Жер бетинде 4 урууга кирген 36 түрү, КМШ өлкөлөрүндө 11, Кыргызстанда 5 (илбирс, сүлөөсүн, жапайы мышык ж. б.) түрү бар. Жапайылары бардык материкте, көбүнчө тропикте көп түрлөрү таралган. Сүт эмүүчүлөр, куштар, жерде-сууда жашоочулар, балык ж. б. жаныбарларды жейт. Азыгын аңдып жатып кармайт. Жылына, көбүнчө 2-4тү тууйт. М. с-ды терисин алуу үчүн кармашат. Мал чарбачылыгына зыян келтирет. ТКЭСтин Кызыл китебине 14 түрү, 11 түрчөсү киргизилген.
