МЫК ТИКЕН
МЫК ТИКЕН (Tribulus) - өсүмдүктөрдүн жуп жалбырактуулар тукумундагы уруусу. Жалбырагы кош канат сымал, майда, уз. 0,5-1 см, жээги тегиз, сабагы 10-30 смге жеткен, төшөлүп өсүүчү бир же эки жылдык чөп. Гүлү жалгыздан, майда, сары, беш мүчөлүү, мөмөсү беш бөлүктүү жаңгакча, сырты учтуу илмекей тикендүү. Америкада, Африкада, ошондой эле Жер Ортолук деңиздин чыгыш жээгинде кеңири таралган 20, Кыргызстанда 1 түрү белгилүү. М. т. кумдак, каксоо жерде, жол боюнда өсөт. Мөмөсунүн тикени малдын бутун жаралайт, кой, эчкинин жүнүнө жабышып, сапатын төмөндөтөт.