МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУ ДЕМИЛГЕСИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:21, 9 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУ ДЕМИЛГЕСИ - кабыл алынган тартипке ылайык мыйзам чыгаруучу органга мыйзам долбоорун расмий киргизүү. М. ч. д. мыйзам чыгаруу процессинин алгачкы ста­диясы (тепкичи) болуп саналып, киргизилген мыйзам долбоорун өз чогулушунда кароого ти­йиштүү органды милдеттендирет. КРде анын Конституциясынын 64-статьясына ылайык мыйзам чыгаруута демилге укугу төмөнкүлөргө таандык: 30 миң шайлоочуга (элдик демилге); КРдин Президентине; ЖКнын депутаттарына; КРдин Өкмөтүнө, өз карамагына таандык масе­лелер боюнча КРдин Жогорку сотуна. РФте анын Конституциясынын 104-статьясына ылайык М. ч. д. РФтин Президенти, федерация кенеши жана анын мүчөлөрү, Мамлекеттик Думанын депутта­ры, РФтин өкмөтү, федерациянын субъектиле­ринин мыйзам чыгаруучу органдары, ошондой эле ка­рамагындагы маселелер боюнча РФтин Конститу­циялык Соту, Жогорку Соту укуктуу.