МҮНӨЗДӨМӨ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:21, 9 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МҮНӨЗДӨМӨ - каармандарга, ар кандай көрү­нүштөргө, буюм-теримдерге берилген баа, алар­дын башкы белгилерин мүнөздөп берүү. Эгерде М. автор тарабынан берилсе - автордук М., каар­мандар өз сөздөрү менен мүнөздөсө - речтик М., каармандын бири экинчисинин сапат белгиле­рин көрсөтсө - каармандар аркылуу берилген М., автор тышкы портрет менен ички белгилерди бирдей ачып көрсөтсө - жалпы М. деп аталат. Мисалы, «Ошол күнү Маргалаңдын базар күнү эле. Календер аса таягын тык-тык уруп, жай сенде­ле басып, өзүнчө басмырт күңкүлдөп, базарга чыгып кетти. Өзүнчө күңгүрөнүп, өзү менен өзү сүйлөшүп, ыйлай тургандай эки көзү тунарың­кы жашылданып, алдынан жүдөө бирөө кө­рүнсө, чөнтөгүндөгү Исхактын ысмы бар алтын теңгелерден бирден ыргытып берип коюп, алар­дын кубанганына да, таңыркаганына да, алка­ганына да карабай, көңүл бөлбөй, бир баскан жерин үч басып, чоң базарды аралап жүрдү» («Сынган кылыч», Т. Касымбеков). Бул үзүндүдө жазуучу каарманынын иш-аракетин, жүрүш­турушун мүнөздөп жатат.