МУШМУЛА
МУШМУЛА (Mespilus) - роза гүлдүүлөр тукумундагы күбүлмө жалбырактуу өсүмдүк уруусу. 1)-герман М-сы же кадимки М. (М. £егташса). Бийикт.

3-6 м дарак же бадал. Балкан ж. а-нда, Кичи Азия, Иранда, КМШ өлкөлөрүндө - Кавказ, Крым, Түркмөнстанда өсөт. Бутагы тикендүү, эгилме М-ныкы тикенсиз. Жалбырагы сүйрү, ланцет сымал, гүлү ак, чоң, жалгыздан жайгашат. Мөмөсү тоголок, катуу, ширелүү. Мөмөсүндө 10% кант, 1,1% алма кислотасы, 1,6-15,8% С витамини болот. Мөмөсү жаңы жана туздалгандан кийин желет. Пастила, шарап жасалат. Балдуу өсүмдүк. И. В. Мичурин өзүнүн ликёр четини менен герман М-сын гибриддештирип, сапаты жакшы, десерттүү четин - Мичурин четинин чыгарган; 2)субтропик же Япон М-сы (Ег1оЬо1гуа дарошса) - субтропиктик дайыма жашыл дарак же бадал. Бийикт. 6 мдей. Жалбырагы сүйрү, гүлү майда, жыттуу. Мөмөсү ширелүү, кычкыл, саргыч. Жапайы түрү Кытайда, Индиянын түндүгүндө ж. б. кездешет. КМШ өлкөлөрүндө Кавказ, Крым, Борбордук Азияда өстүрүлөт. Мөмөсүнөн компот, кыям ж. б. кайнатылат; ошондой эле кооз өсүмдүк катары парк, гүлзарларда өстүрүлөт.