МУХИНА Вера Игнатьевна

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:42, 27 ноябрь 2026 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУХИНА Вера Игнатьевна [19. 6 (1.7). Рига - 6. 10. 1953, Москва] - скульптор, Советтик Социалисттик Республикалар Союзунун (СССР) эл сүрөтчүсү

МУХИНА Вера Игнатьевна

(1943), СССР Сүрөт академиясынын анык мүчөсү (1947). Чыгармачылы­гынын алгачкы жылдарын­да кубизм агымынын тааси­ринде болуп, татаал дина­микалык чечилиште көрсө­түлгөн «Шамал» (1926-1927), «Дыйкан аял» (1927) сыяк­туу скульптураларды түзгөн (экөө тең Третьяков галереясында). Каармандардын ички

дүйнө­сүнүн ажарын ачкан скульп­туралык портреттер галереясын жараткан («С. А. Замковдун», мрамор, 1935; Академик А. Н. Крыловдун, жыгач, 1945, СССР мамлекеттик сыйлыгы, 1946 жана башкалар). В. Мухинанын «Жумушчу жана кол­хозчу аял» (1935-1937, СССР мамлекеттик сыйлыгы, 1941) композициясы - социалисттик реализм искусствосундагы этаптык чыгармалардан. В. Мухинанын адамдардын каармандыгын чагылдырган мыкты чыгарма­лары: Б. А. Юсуповдун, «И. Л.Хижняктын портреттери, (экөө тең гипс, 1942, Третьяков галереясы, СССР мамлекеттик сыйлыгы, 1943), Москвадагы Горь­кийдин эстелиги (Н. Г. Зеленская, 3.Г.Ивано­ва менен бирге, архитектору 3. М. Розенфельд; коло, гра­нит, 1951; СССР мамлекеттик сыйлыгы, 1952), «Тынчтык­ты талап кылабыз!» композициясы

(Н. Г. Зе­ленская, 3. Г. Иванова, С. В. Казаков, А. М. Сер­геев менен бирге; гипс, 1950, Орус музейи, Ленин­град; СССР мамлекеттик сыйлыгы, 1951) жана башкалар. Эмгек Кы­зыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери менен сый­ланган.

В. Мухина.«Жумушчу жана колхозчу». 1935-1936. Москва.

Ад.: Суздалев П. К. В. И. Мухина. М., 1981.