МУРДАШ-БАШЫ АСКА БЕТИНДЕГИ СҮРӨТТӨРҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:24, 26 ноябрь 2026 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУРДАШ-БАШЫ АСКА БЕТИНДЕГИ СҮРӨТ­ТӨРҮ — коло дооруна жана орто кылымга таандык археологиялык эстелик. Алай кырка тоосунда, Үч-Дөбө айылынан 20 км түндүктө жайгашкан. Анда дөң­гөлөктөр, тоо эчкилер, күн түспөлдөш белгилер, төөлөр жана колдорун жогору көтөрүп, ритуал­дык бий аткарган адамдардын сүрөттөрү тартыл­ган. Аска бетинде сүрөттөрдөн эрте көчмөндөр­дүн көркөм искусствосуна мүнөздүү илбирс сыяктуу чоң жырткычтын сөлөкөтү көркөм чеберчилик­те белгиленген. Кыргыз тарыхчылар жамааты менен Түрк тарых курумунун биргелешкен археологиялык экспедициясы тарабыңан 2000-жылы изилденген.