МУЛЬТИПОЛЬ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:57, 6 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУЛЬТИПОЛЬ (латынча multum - көп жана грекче polos - уюл) электрдик - белгилүү симмет­рияга ээ болгон электр заряддарынын (уюлдар) системасы. Татаалдыгына жараша М-дун нөл тартиби бир заряд, 1-тартиптегиси - диполь, 2 - квадруполь, 3 - октуполь ж. б. деп аталат. М-дун негизги мүнөздөөчүсү - М-дук момент жана ал сырткы талаалар менен болгон энергия­лык байланышын, талаанын бурчтук көз ка­рандылыгын, негизги-чондуктарын аныктайт.