МУКАБА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:13, 26 ноябрь 2026 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУКАБА — китептин тышы. Картон, булгаа­ры, кездеме, кагаз, ледерин, коленкор, полимер жана башка материалдан жасалып, бышык жана бекем болот. Китептин тигилген басма табактары - китеп блогу мукабага бириктирилип желимделет. Китептин тышкы көрүнүшүнө, китеп блогун бекитүү жана аны тышына бириктирүү ыкмасы­на жараша мукаба туташ жана курама, катуу жана жумшак болуп бөлүнөт. Туташ мукаба бутүндөй бир түрдөгү материалдан жасалат, курама мукаба түбү менен дүмүрчөгү бир түрдүү материалдан, картон­дун бети башка материалдан даярдалат. Китеп­тин көлөмүнө ылайык мукабанын көп (№1ден №9га чейинки) түрү бар. Мукабалар китеп тыш даярдоочу машиналарда жасалат. Китеп продукциясын массалык түрдө даярдоодо мукабанын №4, 5, 7 түрлөрү көп колдонулат.