МУЗЫКАЛЫК АЛФАВИТ
МУЗЫКАЛЫК АЛФАВИТ - музыкалык добуштардын аталышынын тамга менен белгилениши. Алгач ал грек алфавитинин ариптери менен колдонула баштаган. Чоң октаванын баскычтары баш тамгалары менен белгиленет (мисалы, До - C; Ре - D; Ми - E; Фа - F; Соль - G; Ля - A; Си - H; Си бемоль - B). Кичи октаванын добуштары кичине тамгалар менен белгиленет. Биринчи, экинчи, үчүнчү жана башка октавалардын добуштары кичине до, тамганын үстүнө бир, эки, үч сандары коюлат (мисалы, кичи октаванын До добушу - c; Ре - d; Ми - e; Фа - f; Соль - g; Ля - a; Си - h; Си бемоль - b).