МУЗЫКАЛЫК АКУСТИКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:16, 26 ноябрь 2026 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУЗЫКАЛЫК АКУСТИКА - музыка аткаруу­га жана баамдоого байланыштуу анын объек­тивдүү мыйзам ченемдүүлүгүн изилдөөчү илим, акустиканын бир түрү. Анда добуштун бийик­тиги, катуулугу, тембри (боёгу) жана созулушу, консонанс жана диссонанс, музыкалык система жана түзүлүш изилденет, ошондой эле музыкалык кабылдоону, музыкалык аспаптар менен аспапташтырууну, гармония менен ырчынын үнүн изилдейт. Музыкалык теориянын бир бөлүгү катары музыкалык акустика байыртан философтор менен музыканттардын көңүлүн буруп келген. XIX кылымда немис физиги жана физиологу Г. Гельмгольц, XX кылымдын башында К. Штумпф жана В. Кёлер (Гер­мания) музыкалык акустиканын изилдөө чөйрөсүнө кеңейткен. Радио студиянын акустикасы, үн жазуу жана кө­чүрүү студиялары, стереофониялык жазуу ыкма­лары иштелип чыгууда. Жалпы физикалык акустика жөнүндөгү маалыматтарга жана ыкмаларга таянат.

Ад.: Алдошина И. А„ Притте Р. Музыкальная акустика. СПб., 2009.