МУГКАНА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:09, 26 ноябрь 2026 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУГКАНА - 1) отко сыйынуучулардын ыйык үйү; 2) үстү кумпалуу, боз үй түрүндө таштан курулган, эшиги тар күмбөз (биздин заманга чейинки II кылым - биздин замандын VI-VII кылымдары). Бир үй-бүлө мүчөлөрү мончок, сөйкө, бычак, жебе, карапа идиштер менен бирге коюл­ган. Дубалынын түп жагынын калыңдыгы 2,5- 5 м, эшигинин туурасы 70 см. Муткананын диаметри 4-15 м, уз. 3-9 м, туурасы 2-6 м, бийикт. 2,4- 3,5 мге чейин жетет. Фергана өрөөнүнүн түндүгүн­дө, негизинен Ала-Бука жана Аксы аймактарын­да, Наманган облусунун Кара-Мазар тоосу менен Ку­рама тоо кырларында (Гава-Сай, Көк-Серек, Сум­сар жана Касан капчыгайларында, Кызыл-Жар, Орто-Суу өрөөнүндө) кездешет. Бул жерлерде 200дөн ашык муткана казылган. Алар чала көчмөн тоолук малчыларга таандык. Бул урууларды эфталиттер менен байланыштырышат. Профессор Г. А. Пугаченкова муткананы казак, кыргыз күмбөз­дөрүнүн алгачкы түрү деп болжолдойт. Ала-Бука районундагы мутканаларды 1951-жылы археолог А. К. Ки­биров, 1955- жана 1974-жылы археолог Ю. А. Зад­непровский изилдеген. Терек-Сай шаарчасына жакын, Орто-Токой кыштагында Касан-Сай суу­сунун оң өйүзүндө Чычырканак дөбө-мүрзө­лөрүнөн да мутканалар табылган. Түндүк Чыгыштагы эң четки мутканалар тобу Пачата (Аксы) суусунун жогорку бөлүгүндө кезигет. Казылган мутканалар биздин замандын I кылымына таандык. Мындай таш мүрзөлөр кыргыз­дарда корум же корумдап (сөөк, өлүк) коюу деп аталат. Ферганалык тажиктер «корумб» - «үйүлгөн таш» деп аташкан. XIX кылымда фергана­лык өзбектер «курум» же «гурум» дешкен. Атал­ган корум-мүрзөлөрдүн атайын жасалган эши­ги болгон. Корум-мүрзөлөрдү жергиликтүү калк мугдар­дын (эл) үйү же мугдардан калган калдык деп эсептешип, тажиктер көбүнчө «ханам-муг» деш­се, өзбектер «муг-хана», ал эми кыргыздар «мык» (мыктын үйү) деп аташкан. Чоң Алай­да, Тажикстандын Жерге-Тал районунда «муг» сөзү менен байланышкан кыргызча «Кара-Мык» топо­ними кездешет. Уламыштарда Фергана мугда­ры күчтүү жана мээнеткеч кишилер катары даңа­заланышкан. Илимде «муг» аталышы авеста­лык «могу», байыркы персче «магу», согдалык «мог» - «отпарас» деген түшүнүктөн келип чык­кан деп эсептелинет. Кийинки мезгилдеги изилдөөлөр далилдегендей Чыгыш Ферганада Чуст доорунда зардалчылыктын (зороастризм ­отпарастык дининин) жергиликтүү варианты пайда болуп, ал ислам дининин таралышынын алдын­да гүлдөп өнүккөн. Демек, муг тургундары ис­лам дини таралганга чейинки отпарастык ише­нимде турушкан жергиликтүү калкты түшүндүргөн. Аксы районунун борбору азыркы Кербен шаарынын 7- кылымда жашаган легендарлуу башкаруучусу Кер­ван-Баш да муг элинен чыккан делинет. Демек, мугдар отпарастык ишенимде туруп, мусулман динине кирбей, арабдарга көпкө чейин каршы­лык кылышкан ферганалык жергиликтүү тургундар болушу мүмкүн.

Т. Кененсариев.