МУХАММЕД ХАЙДАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:16, 4 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУХАММЕД ХАЙДАР, Мырза Мухаммед Хай­дар ибн Мухаммед Хусейн-Көрөгөн (Куреган, Гураган) дуглат (1499/1500, Ташкент - 1551, Индия, Кашмир аймагы) - саясий ишмер, та­рыхчы. Айрым изилдөөлөрдө Мырза Хайдар дуг­лат же Хайдар-мырза катары да белгилүү бо­луп, өзү Айаз деген адабий псевдонимди (тахал­лус) колдонгон. Ата-теги Моголстан жана Чы­гыш Түркстандын тарыхында маанилүү роль ой­ногон моголдордун дуулат уруусунан чыккан белгилүү эмир болгон. Могол хандарына кыл­ган артыкча кызматы үчүн Кашкар аймагы (к. Манглай Субе) түпкү аталарынын бири Ордо­бинин (Уртубу) энчисине тийген. Кийинки ата­сы Пуладчи (Буладжи) өз колу менен Туглук Ти­мурду, дагы бир атасы Худайдад Моголстандын тагына алты хан отургузса, М. Х-дын үчүнчү атасы Сайид Али Улугбектин кол башчысын Кашкардан кууп чыгып, аны узак убакыт бою бийлеп турган. Чоң атасы Мухаммед Хайдар мырза да бир топ жылдар Кашкарды бийлеген, бирок 1480-ж. аны жакын тууганы Абу-Бакрга тарттырып жиберип, өзү Юнус хандын кол ал­дына кеткен. Өз атасы Мухаммед Хусейн жа­шынан Султан Махмуд хан менен чогуу тарбия­ланып, кийин Орто-Төбөнү башкарган жана Шей­банилер Ташкентти алганда, Кара-Тегинге, ан­дан Кабулга качып, Бабур шахка каршы козго­лоңго катышууга үлгүргөн. Кийин Ферганага кайтып, ал жерден Мухаммед хан Шейбанинин буйругу менен өлтүрүлгөн. Мындай шартта 9 жаш­тагы М. Х-дын башына да коркунуч туулуп, ата­сынын нөкөру (Маулан Мухаммед) аны 1509-ж. Бадахшанга, андан Бабурдун алдына жеткир­генетикалык Ал жерде бир нече жыл жүрүп, жүрүштөргө катышып, эрдиктерди көрсөткөн. 1512-ж. Ан­жияндагы Султан Саиддин алдына келип, өмү­рүнүн аягына чейин ага кызмат кылган. Абд ар-Рашид хандын тарбиячысы болгон жана кол башчы катары Бадахшан, Тибет ж. б. жерге жа­салган жортуулдарга катышкан. Султан Саид хан өлгөндөн кийин (1533) такка отурган Абд ар-Рашид дуулаттарга катуу кысым көрсөтүп, биринчилерден М. Х-дын аталаш агасы Сайид Мухаммед мырзанын башын алдырган. Ушуга байланыштуу М. X. адегенде Бадахшанга, ан­дан Лахорго качып, Бабурдун уулу Камран мыр­зага кызмат кылган. 1539-40-ж. Агра ш-ндагы Хумаюнга (1530-1556) келип, анын жардамы менен 1541-ж. Кашмирди каратып, 1551-ж. ушул жердеги тоолук уруулар менен болгон уруштун биринде өз жаачысынын байкоосуз атылган же­бесинен каза болгон. Өз эскерүүлөрүнө ж. б. та­рыхый эмгектерге таянып, 1541-47-ж. эки бө­лүмдөн («дептер») турган фарсы тилиндеги «Та­рих-и Рашиди» деген эмгегин жазган. Иш жү­зүндө бул эмгек бийликтен ажыраган М. Х-дын Рашид ханга кайрылып, түпкү аталарынан (моңгол урууларынын ичиндеги дуулаттар) бери Чыңгыз хандын тукумуна адал кызмат кылып, колдоп, бир нечесин такка отургузганын, алар­дын бийлигин башка хандардан жана жергиликтүү уруу­лардан коргоп келгенин эскерип отурат. Анда автор кыргыздар катышкан көптөгөн окуялар­ды да баян кылган. Мындан тышкары анын «Жахан наме» деген поэмасы сакталып калган.

Чыг.: Тарих-и Рашиди. А., 1999.

Ад.: Бартольд В. В. Хайдар-мирза//Соч. Т. VIII. М., 1973; Абусейитова М. X., Баранова Ю. Г. Пись­менные источники по истории и культуре Казахстана и Центральной Азии в ХШ-ХУШ вв. А., 2001.