МУСАБАЕВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:35, 4 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУСАБАЕВ Хаким (туулган жылы белгисиз - 1920, Нарын) - Нарында Совет бийлигин орнотууга жигердүү катышкандардан. Падышалык армияда кызмат өтөп, 1917-жылдын аягында Нарынга келген. Ал баштаган болыпевиктер Нарында 1918-ж. 3- апрелде Совет бийлигин орноткон, 8-апрелде На­рында өткөн Солдат жана мусулман депутаттар советинин съездине жетекчилик кылган. 1919- жылдан РКП(б)нин Нарын уезддик шааркому­нун төрагасы. Контррев-ячыл козголоңчулар та­рабынан өлтүрүлгөн.