МУРАКЕ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:35, 4 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУРАКЕ - Чүй обл-нун Москва р-нундагы кыш­так. Ак-Суу айыл аймагына караштуу. Ак-Суу­нун сол жээгинде, деңиз деңгээлинен 960 м бийиктик­те, Москва мамлекеттик адистештирилген чарбасынын аймагында жайгашкан. Райондун борбору жана т. ж. бекети Беловодский кыш-нан 13 км түштүк тарапта. Калкы 930 (2009); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Негизги мектеп, ки­тепкана, ФАП, клуб бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургу­зулган.