МУЛЬТИПЛИКАТОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:35, 4 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУЛЬТИПЛИКАТОР (латынча multiplico - көбөйтөм, чоңойтом), көбөйткүч-1) ма­шина валынын (огунун) айлануу жыштыгын көбөйтүүчү түзүлүш (мисалы, ылдамдатуучу тиштүү кыймыл бергич); 2) суюктуктун басымын жо­горулатуучу түзүлүш (мисалы, насосто ж. б. гид­равликалык машина жана шайманда); 3) фото­аппараттын бир пластинкада (плёнкада) бир нече негатив алууга мүмкүндүк берүүчү жардам­чы куралы; 4) түстүү басманын үлгүсүн бир мез­гилде алуучу прибор; 5) инвестициялардын кө­бөйүшү (азайышы) менен киреше чоңдугунун өзгө­рүшүн чагылдырган коэффициент; кирешенин өзгө­рүшүнүн инвестициялардын өзгөрүшүнө көз ка­рандылыгын туюнткан экономикалык көрсөткүч. Мисалы, инвестициялардын өсүшү 5 миллиард сомду түзүп, кирешенин өсүшү 15 миллиард сомго жетсе, анда М. Зкө барабар болот. Өндүрүштө инвестициялар кандайдыр бир суммага өсүшү, жумушчулардын кирешесин ошол суммага чейин өстүрөт. Ал өз кезегинде керектелүүчү заттарга талапты өстүрөт да, ошол чөйрөдөгү ишкерлердин кирешесинин көбөйүшүнө шарт түзөт. Бул процесс ар бир жаңы чыгымдардын айланпасынан уланып ту­рат. Мультипликация идеясын алгач 1931-ж. англ. экономист Р. Кан киргизген. Айрыкча экономикалык багытта Кейнстин М-у кеңири мааниге ээ. Ал боюнча М. инвестицияларды көбөйтүүдө улут­тук кирешенин канча эсеге өсүшүн көрсөткөн коэффициент болот. Ошондой эле банк (коммерциялык банк­тардын депозиттик эсептеги акчалардын банк арасында акчанын жүгүртүлүшүнүн эсебинен көбөйүү процессин негиздейт) М-у да бар.