МУКАМБАЕВА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:35, 4 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУКАМБАЕВА Галина Алексеевна (25. 1. 1945-жылы туулган, Хакасия, Краснояр крайы, Усть­Абакан р-ну, Доможаково айылы) - юрист, юридикалык илимдеринин доктору (1997), проф. (2006). КР­дин эмг. сиң. юристи (2003). 1968-ж. КМУну бү­түргөн. 1969-жылдан КМУда окутуучу, Талас обл. сотунун төрагасынын орун басары, Чүй, КЭУ университетинде проф., КМУда кафедра башчысы, КМЮАда 1-проректор, диссертациялык кеңеш­тин төрагасынын орун басары, Мамлекеттин та­рыхы жана укук тармагы боюнча адис. 1993-жыл­дагы эгемендүү Кыргызстандын биринчи конститу­циясынын концепциясын даярдоо боюнча жумуш­чу топтун мүчөсү. 2003-ж. КР Конституциясы­нын жаңы редакциясын иштеп чыгуу боюнча экс­перттик топтун мүчөсү, кандидаттык жана док­торлук диссертацияларды коргоо боюнча диссерта­циялык кеңештин төрагасы. 70тей илимий эмгек­тин (анын ичинде 10 монография) автору.