МОСКВА КОНСЕРВАТОРИЯСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:35, 4 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МОСКВА КОНСЕРВАТОРИЯСЫ мамлекет­тик П. И. Чайковский атындагы - ири музыкалык жог. окуу жайлардын бири, музыкалык билим берүүнүн илимий-методикалык борбору. 1866-ж. Н. Г. Рубинштейндин демилгеси менен Орус музыкалык коому уюштурган. Көрүнүктүү ишмерлер: П. И. Чайковский, С. И. Танеев (композиция жана музыка теориясы), В. И. Сафонов (фортепиа­но), Ф. Лауб (скрипка), Ф. Ф. Фитценгаген (вио­лончель), А. Д. Александрова-Кочетова (вокал) ж. б. сабак өтүшкөн. С. Рахманинов, А. Скря­бин, Р. Глиэр, А. Хачатурян, Т. Хренников ж. б. ушул консерваториядан окушкан. М. к-нда тео­рия-композитордук, фортепианолук,

оркестр­лик, вокалдык, билим өркүндөтүү (1972-жыл­дан), аскер-дирижёрлук (1960-жылдан) факультеттери, чет өлкөлүк студенттер, аспиранттар жана ста­жёрлор үчүн атайын тайпа бар. 30-50-жылда­ры М. к-нда улуттук музыкалык студия (кыргыз, ка­зак, башкырт, татар, түркмөн, өзбек ж. б.) иштеген. Андан СССР эл арт. А. Малдыбаев, С. Кийизбаева, К. Сартбаева, Кыргыз ССР эл арт. Н. Давлесов, Э. Касымов, Э. Молдокулова, А. Тентимишов, X. Мухтаров ж. б. окуган. М. к-на 1940-ж. П. И. Чайковскийдин ысмы ый­гарылган. Эки Ленин ордени менен (1946, 1966) сыйланган.

Дц.: Московская консерватория от истоков до наших дней, 1866-2006: биографический энцикдопедический словарь. М„ 2007.