МОРДВА РЕСПУБЛИКАСЫ
МОРДВА РЕСПУБЛИКАСЫ, Мордовия Россиянын Европа бөлүгүнүн чыгышында жайгашкан. Аянты 26,2 миң клг2. Калкы 833,0 миң (2009); негизинен орустар (60,8%), мордвалар (32,5), татарлар (4,9) ж. б. улут өкүлдөрү жашайт. Православие (277 диний уюм бар), мусулман (24) жана протестант (11) динин тутат. Орт. жыштыгы 1 км2 жерге 34,3 киши. Администрациялык борбору - Саранск (336,1 миң). Ири шаарлары: Рузаевка (49,6 миң), Ковылкино (23,0). Шаар калкы 59,8%. Администрациялык-аймактык жактан 22 администрациялык районго, 7 шаарга, 18 шаарчага бөлүнөт.
Т а б и я т ы. М. Чыгыш Европа (Орус) түздүгүнүн чыгышында, Волга д-нын алабында жайгашкан. Түндүк-батышын Ока-Дон туздугу, түштүк-чыгышын Волга бою дөңсөөсу ээлейт. Табигый шарты калктын жашоосуна жагымдуу. Экол. абалы салыштырмалуу канааттандырарлык. Негизинен ө. ж-луу зоналардын тегереги булганууда. Климаты мелүүн континенттик. Январдын орт. температурасы -11,2°С, июлдуку 19,2°С. Жылдык жаан-чачыны 450-500 мм. Ири дарыялары: Мокша, Сура. Жери көбүнчө каракүл, боз-токой жана чым көң-күл топурактуу. Аймагынын 24,2% ин токой (кайың, эмен, байтерек, липа, мырза карагай) ээлейт. Негизги байлыгы жер астындагы суулар (таза, минералдуу, мала туздуу), ошондой эле цемент өндүрүшү үчүн бор, керамзит үчүн ылай, айнек куму жана акиташ казылып алынат.
Приволжье федерация округуна кирет. Мамлекеттик бийлик 5 жылга шайланган республиканын башчысына таандык. РФтеги электр лампалар өндүрүшүнүн борбору (Россияда өндүрүлгөндүн 67% и), машина куруу (22,4; 2-орунда), цемент өндүрүшү (6,2; 6-орунда), ж. б. ишканалары иштейт. Региондун дүң продукциясы 24318,1 миллион рублди түзөт. Анда ө. ж-дын үлүшү 29,5%. Машина куруу комплекси алдынкы орунда. Ири ишканалары: «Лисма» (лампа), «Сарансккабель» (күч, телефон, кеме жана текшерүү кабелдери), «Рузхиммаш» (вагон; цистерна, көлөмдүү идиштер), «Электровыпрямитель», «Сарэкс». Тамакаш (19%), курулуш материалдар (11%), химиялык (5%) ө. ж. бар. А. ч-нын респ-нын дүң продукциясындагы үлүшү 21,4%. А.ч-га жарактуу жери 1659,6 миң га (жер фондусунун 63,5% и), анын ичинде 68% и айдоо аянты. Дан эгиндери, картөшкө, кант кызылчасы жана жашылча айдалат. Бодо мал асыралып, үй куштары багылат. Т. ж-нун уз. 546 км, автомобилдики 5616 км (анын ичинде 4232 к.ии асфальтталган). Саранскиде аэропорт бар. Республикада 743 жалпы билим берүүчү окуу жайлары (анын ичинде 59у башталгыч жана орто), 9 ЖОЖ (филиалдары менен; анын ичинде Мордва мамлекеттик университети), 5 театр (анын ичинде музыкалык, куурчак), филармония, камералык хор, ыр-бий ансамбли, 22 музей (анын ичинде край таануу, асем искусство ж. б.), С. Д. Эрьзинин үй-музейи (Баев кыш-нда), китепканалар (анын ичинде азиздер үчүн) бар.
Ад.: Мордовия//Болыпая Российская Энциклопедия. Спец. том Россия. М., 2004; Мордовия//Болыпая Российская энциклопедия. Т. 21. М., 2013.
Т. М. Чодураев.