МОМБЕКОВ Юсуп

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:16, 4 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МОМБЕКОВ Юсуп [26.10.1926, азыркы Жалал­Абад обл., Ноокен р-ну, Бүргөндү кыш. - 21. 10. 1983, ошол эле жер] - а. ч. өндүрүшүнүн иш­мери, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1973). Эмгек жолун 1942-ж.

Ленин (азыркы Ноо­кен) р-нундагы «Кызыл Жылдыз» колхозунун ка­тардагы колхозчусу болуп иштөөдөн баштаган, кийин «Бүргөндү» колхозунда бух­галтер, Карл Маркс атындагы колхоздун башкармасынын төрагасынын орун басары, Калинин атындагы колхоздун башкармасынын төрагасы (1961-83). Ал жетекчилик кылган колхоз 1973-ж. а. ч. азык-түлүгүн өн­дүрүү жана мамлекетке сатуу боюнча милдеттенме­син ашык орундаткан. 1971-74-ж. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. Эки Ленин, «Ар­дак Белгиси» ордендери менен сыйланган. Ноокен р-нундагы кыш-ка аты коюлган.