МОЛДОБАЕВ Имель Бакиевич
МОЛДОБАЕВ Имель Бакиевич (15. 2. 1942, Ысык-Көл обл., Каракол ш. - 19. 11. 2005, Бишкек) - тарыхчы, этнограф, тарых илимдеринин доктору (1995), проф. (1998). КРдин илим жана техника жаатындагы К. Тыныстанов атындагы мамлекеттик сыйл. лауреаты (2000). КМУну бүтүргөн (1972). 1972-88-ж. Кыргыз ССР ИАнын Тарых институтунда илимий кызматкер, улук илимий кызматкер, жетектөөчү илимий кызматкер. 1988-95-ж. этнография, 1995-2005-ж. археология жана этнография бөлүмдөрүнүн башчысы болуп иштеген. Кыргыз фольклорун, негизинен «Манас» эпосун тарыхый-этногр. жактан изилдөө боюнча адис. 200дөн ашык илимий эмгектин (анын ичинде 4 монография) автору. Ю. Н. Рерих атындагы юбилейлик медалы менен сыйланган.