МАЖОРИТАРДЫК ШАЙЛОО СИСТЕМАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:16, 4 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МОЖАРИТАРДЫК ШАЙЛОО СИСТЕМАСЫ (фр. majorité - көпчүлүк) - өздөрү добушка коюл­ган шайлоо округу боюнча добуштардын көбүнө ээ болгон тарапкерлерди шайланды деп эсептеген шайлоо системасы. М. ш. с-нын абсолюттуу көптүк, салыштырма көптүк жана квалифика­циялуу көптүк деген түрлөрү бар. Абсолюттуу көптүк М. ш. с. учурунда эгер талапкер шайлоо округу боюнча берилген бардык добуштардын жа­рымынан көбүрөөгүн алса, ал шайланган болуп эсептелет. Салыштырма көптүк М. ш. с. учу­рунда бардык башка атаандаштарга караганда талапкер көбүрөөк добуш алса эле жетиштүү болот. Квалификациялуу көптүк М. ш. с. учу­рунда күн мурунтан белгиленген добуштардын үчтөн эки же төрттөн үчүнө, башкача айтканда жарымынан көбүрөөгүнө ээ болууга тийиш (бул өтө эле сей­рек колдонулат). М. ш. с. учурунда ар бир шай­лоо округунан бир эле депутат шайланууга ти­йиш, бирок кээде (мисалы, Францияда) тизмелер­дин системасы колдонулат, ага ылайык көпчү­лүктү топтой албаган талапкерлерге берилген добуштар жоголгон болуп эсептелет. Өзүнүн кем­чилигине карабастан, мамлекеттердин көпчүлү­гүндө пропорциялык шайлоо системасы менен кошо колдонулууда. Мисалы, парламенттин төмөн­кү палатасы пропорциялык система менен шай­ланса, жогорку палатасы можаритардык сис­тема менен шайланат. Азыркы учурда салыштыр­ма көпчүлүктү түзгөн М. ш. с. АКШ жана Улуу Британияда, абсолюттуу көпчүлүктү түзгөн М. ш. с. - Францияда колдонулууда. 2002-жыл­дагы шайлоолордо КР Жогорку Кеңешинин депутаттарынын басымдуу көпчүлүгү М. ш. с-. боюнча шайланышкан.