МОДУЛЬ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:16, 4 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МОДУЛЬ (латынча тобиЫэ - чен) т е х н и к а­д а - 1) кандайдыр бир негизги коэфф-тин же чоңдуктун аталышы (мисалы, тиштүү бириктир­гич модулу, серпилгич модулу, комплекстүү сан модулу); 2) курулуштагы же архитектурадагы шарт­туу бирдик. Ал имарат же комплекс бөлүктө­рүнүн өлчөмдөрүн координациялоодо колдону­лат; 3) ар кандай техникалык түзүлүштөрдө (татаал түзүлүштүн бөлүгү) өзүнчө иш аткаруучу жана деталдардын өз ара бири бирин алмаштыруучу комплекстерди бириктирүүчү түйүн; 4) космос кемесинин курамдык бөлүгү (мисалы, «Аполон» ке­месинин негизги же орбитадагы, же Айдагы бөлүгү); 5)математикада негизи а болгон логарифм системасынан негизи Ь болгон лога­рифм системасына өтүү М-у М = 1/logа Ь саны; негизи Ь болгон х санынын логарифмасын алуу үчүн (негизи а болгон логарифм санынын сан­дары белгилүү болсо) акыркы санды өтүү М-уна көбөйтүү керек: logьх = М logьх; 6) компьютер системасынын техникалык жабдылышынын курамын­дагы блогуна бириктирилген, башка түзүлүштөр менен байланышуу мүмкүнчүлүгү бар функционал­дык бөлүгү. Системанын кызмат аткаруусун же­ңилдетет.