МОДЕЛЬ (жалпы түшүнүк)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:35, 4 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МОДЕЛЬ (фр. modèle, латынча modulus - чен, үлгү) - 1) кандайдыр бир буюмдун же констр-янын массалык даярдоого арналган үлгүсү (эталон, стандарт); буюмдун маркасы, тиби; 2) формасы башка материалдан алынуучу (мисалы, куюу жолу менен) буюм (жеңил иштетилүүчү материал); мын­дай М-дин түрлөрү - лекала, үлгү, плаз; 3) и с­кусстводо сүрөтчүгө кандайдыр бир чыгар­манын сүрөтүн тартып алууда белгилүү абалда турган адам же сүрөткө тартылуучу предмет («натура»). Катуу материалга которулуучу, куюу же чоңойтуу үчүн жасалган бедизде гипстен жана ылайдан же момдон жасалган түп нусканын өзү, кичирээк масштабда жасалган эстеликтин кайта­ланган сөлөкөтү М. деп аталат; 4) илимий, өндү­рүштүк (сыноо учурунда) же спорттук максаттар­да кандайдыр бир башка («моделденүүчү») түзүлүштүн кичирейтилип жасалган көчүрмөсү; 5) кеңири мааниде - кандайдыр бир объекти­нин, процесстин же кубулуштун (берилген М-дин «оригиналы») каалаган улгүсү (ойдогу же шарттуу түрдө: сүрөт, түшүндүрмө, схема, чий­ме, график, план, карта ж. б.); ал анын «орун басары», «өкүлү» катары пайдаланылат; 6) т и л илиминдеги М,- кандайдыр бир тилдин өтө жалпы мүнөздөмөлөрүн көрсөткөн кандай­дыр бир системанын (фонол., грамматикалык ж. б.) эталонунун же үлгүсүнүн абстракттуу түшү­нүгү: тил же анын кандайдыр бир системала­рынын бөлүктөрүн түшүндүрүүнүн жалпы схе­масы.