МОГОЛДОР ИМПЕРИЯСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:16, 4 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МОГОЛДОР ИМПЕРИЯСЫ, Моголдордун

Улуу империясы (арабча фаожаож) -

моголдордун 1526-ж. 21-апрелде Дели султанды­гынын (Индия) ордуна пайда болгон мамлеке­ти. Негиздөөчүсү моңголдордун (могол) барлас уругунан чыккан Тимурдун тукуму, Захреддин Бабур болгон. Атасы Өмүр шейх өлгөндөн (1494, 9-июнь) кийин Фергананы башкарган. 1504-ж. өзбектерден куугунтукталып (Мухаммед Шей­баниге туруштук бере албай), Афганстанга кач­кан. 1525-ж. Бабур өзү менен кошо качып барган­дардын жардамы менен Дели султандыгына ча­буул коё баштаган. 1526-ж. Индстан ж. а-на то­лук ээлик кылып калган. Бабур көз жумган соң, Ганг менен Аму-Дарыяга чейинки зор аймак анын уулу Хумаюнга өткөн (1530-39, 1555-56), би­рок иш жүзүндө бийликти афгандык Шер шах­тын тукуму жүргүзгөн. Хумаюндун уулу Акбар­дын тушунда (1556-1605) М. и. күч-кубаттуу мам­лекетке айланган. Ал башкаруу, финансы жана аскер системасында бир катар реформаларды ишке ашырган. Акбар уулу Селимдин «Жааң­гер» (1605-27), Селим уулу Жахандын (1627- 57) учурунда мамлекеттик башкаруу бошоңдоп, жер­жерлерде козголондор чыгып, так талашуулар күчөгөн. 18-к-дын 2-жарымында М. и. үчүн му­сулмандар (негизинен Ахмед шах Дуррани ба­шында турган афган уруулары) менен маратхлар тынымсыз күрөшүп, маратхлардын жеңиши (1789) менен аяктаган да М. и. аларга көз каран­ды болуп калган. 1858-ж. Англиянын Ост-Ин­дия компаниясынын аскерлери Делини басып алып, ыдырай баштаган мамлекетти аз сандуу күч менен жеңип алган. 1858-ж. 21-сентябрда М. и. жоюлду деп жарыяланган.

Ад.: Азимджанова С.А. Государство Бабура в Кабу­ле и Индии. М„ 1977; Гаскойн Б. Великие моголы. М„ 2003.