МНАЦАКАНОВА
МНАЦАКАНОВА Светлана Ивановна (17. 5. 1911, Армения, Нахичеван - 17. 6. 1997, Бишкек) - пианист. Кыргыз ССРинин эмг. сиң. арт. (1964). КРдин эл арт. (1994). 1931-ж. Ленинград

консерваториясынын фортепиано классын бүтүргөн. 1938-ж. Кыргызстанга келип, Кыргыз опера жана балет театрында концертмейстер болуп иштеген. Алгачкы опера ырчылары С. Кийизбаева, М. Махмутова, А. Куттубаева, А. Боталиев, А. Малдыбаев, К. Эшимбеков ж. б. ырчыларды фортепьянонун коштоосунда ырдоого үйрөтүүдө зор чыгармачылык күч жумшаган. 1939-ж. жана 1958-ж. Москвада өткөн Кыргыз адты менен искусствосунун он күндүгүнө катышкан. КМШ өлкөлөрүндө, Кытайда, Моңголияда, Германияда, Полыпада, Канадада, Индияда гастролдо болгон. «Ардак Белгиси», 3-даражадагы Даңк ордени жана медаль менен сыйланган.