МИЧМАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:16, 4 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЙЧМАН -1) 1940-71-ж. Россия АДФтеги стар­шина курамынын аскер чини; 2) чыныгы аскер кызматын өтөп бүтүп, адис (офицердин жардам­чысы) катары Россия АДФте жана чек ара аскер­леринин деңиз бөлүктөрүндө белгилүү мөөнөткө өз ыктыяры менен кызмат өтөөгө калган кызмат­кердин наамы (1972-ж. 1-январдан киргизил­ген); 3) 1917-жылдан мурдагы орус АДФиндеги кенже офицердик чин; 4) Улуу Британиядагы аскер-деңиз коллежинин жана АКШ аскер-деңиз академиясынын улук курсантынын аскердик наамы.