МУСТЬЁ ДООРУ—
МУСТЬЁ ДООРУ— палеолиттин эң акыркы мезгили. В. з. ч. 150-120-миң - 40-35-миң жылдыктарда өкүм сүргөн. Вул дрорду «ортонку палеолит» деп да аташат. Доордун аталышы 19-к-дын орто ченинде Францияда ачылган ЛеМустье үңкүрүнүн аты менен байланыштуу. Олдувай, ашель доорлоруна салыштырмалуу мустье эстеликтери Евразиянын көп жерлеринде кездешет. Куралдар ар кандай эмгек процессине ылайыкташтырылып жасалган. Мисалы, кыргыч сымал куралдар менен аңчылыкта өлтүрүлгөн жаныбарлардын этин кесүүгө жана терисин иштетүүгө мүмкүн болгон. Башы учтуу куралдар саюу, кесүү үчүн пайдаланылып, канжар, бычак катары колдонулган. Таш куралдары жыгачты жана сөөктү иштетүү үчүн пайдаланылган. Аңчылык жашоонун негизги булагы болгон. Аңчылык куралдары төмөнкү деңгээлде болсо да, палеоантропторду курчап турган жаныбарлардын молдугу, мергенчилик кылуунун натыйжалуулугу, аларга жан багууга мүмкүнчүлүк бергенетикалык Өсүмдүктөр байыркы адамдардын тамактануусунда маанилүү орунду ээлегендиктен, жыйноочулук өз маанисин жоготкон эмес. Вирге жашап, топ-тобу менен азык табуу палеоантроптордун социалдык бирикмесинин кыйла өнүгүшүнө алып келген. Белгилүү деңгээлде эмгекти жынысына, жашына жараша бөлүштүрүүнүн тартиби болгон. Мындай социалдык бирикме уруулук түзүлүштүн калыптанышына негиз түзгөн. М. д-нда өлгөн адамга өзгөчө мамиленин, көмүүнүн атайын жөрөлгөлөрүнүн калыптанышы келечекте жалпы адамзат маданиятынын өнүгүшүнө жаңы сапаттуу баскыч болгон. Мындай жаңы көз караштын өнүгүшү коомдук мамиленин андан ары татаалданышына гана эмес, палеоантроптордун ичиндеги жаңы социалдык байланыштын келип чыгышына түрткү болгон. Евразия чөлкөмүндө.бОтан ашуун палеоантроптордун сөөк калдыктары антропол. жактан толук изилденген. Алар баш сөөгүнүн түзүлүшү жагынан азыркы адамдардан жантайма чекеси, көзүнүн үстүндөгү дөңсөөлөрү, көлөмдүү ээги жана тиштеринин чоңдугу менен айырмаланган. Сөөктүүлүгүнө караганда шамдагай жана күчтүү болушкан. Алардын мээсинин тиричилик жана сүйлөө үчүн маанилүү болгон бөлүгү өнүккөн. Кыргызстандагы М. д-на таандык эстеликтер - Тосор, Георгиевка дөңсөөсү, Капчыгай палеолит өнөрканасы, Юрташсай ж. б.