МУСТАЕВА
МУСТАЕВА Майнур Ибрагимовна (20. 5. 1912, азыркы Казакстан Респ., Петропавловск ш. - 1997, Бишкек) - опера ырчысы (сопрано). Кыргыз ССРинин эл арт. (1947). Фрунзедеги музыкалык окуу жайында (1930-35), Москвадагы Луначарский атындагы искусство институтунда (1935-38) окуган. 1938-65-ж.

Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын солисти. Ырчылык өнөрүн драма актёрлугу менен айкалыштыра билген. М-нын көрүнүктүү партиялары: Айчүрөк, Каныкей, Канайым, Тотуя, Зулайка (А. Малдыбаев, В. Власов, В. Фере - «Айчүрөк», «Манас», «Токтогул», «Ажал ордуна»), Айша (А. Аманбаев, С. Германов, «Айдар менен Айша»), Гүлайым (М. Раухвергер, «Көкүл»), Гүлчахра(У. Гажибеков, «Аршин мал алан»_), Кыз Жибек (Е. Брусиловский, «Кыз Жибек»), Татьяна (П. Чайковский, «Евгений Онегин») ж. б. Дүйнөлүк, орус, кыргыз композиторлорунун ырларын, романстарын, опералардан арияларды аткарган. 1939, 1958-ж. Москвада өткөн Кыргыз искусствосу менен маданиятынын он күндүктөрүнө катышкан. «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган.