МУНДУЗ (уруу)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:30, 4 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУНДУЗ - сол канатка караштуу кыргыз уруу­ларынын бири. Кээ бир окумуштуулардын (С. Абрамзон, Ю. Худяков, Б. Юнусалиев ж. б.) пикиринде кыргыз элин түзгөн эң байыркы ком­поненттердин бирине кирет. Куу уулдун алты уулунун бири («Ай-Баш Мундуз») катары ал­гачкы жолу «Мажму ат-Таварихте» кезигет.

Кыргыз санжырасы боюнча М-дар Бээбайластан тарап, алар бай М., оосурак М., коткор М. жана кыйра деген негизги топторго бөлүнөт. Азыркы учурда өзүн М. деп эсептеген уруулар Нарын (Ак­Талаа, Нарын ж. б. р-ндордо), Ысык-Көл (Түп, Жети-Өгүз, Тоң ж. б.), Чүй (Кемин, Ак-Суу, Москва), Талас (Кара-Буура, Манас ж. б.), Жа­лал-Абад (Тогуз-Торо, Токтогул ж. б.) обл-нда жана КЭРдин айрым аймактарында (мисалы, Ак­Суу) чачкын жайгашкан.

Ад.: Абрамзон С. М. Кыргыз жана Кыргызстан та­рыхы боюнча тандалма эмгектер. Б., 1999.

Р. Жолдошев.