МОТЕЛЬ
МОТЕЛЬ (англ. motor - автомобиль жана hotel - мейманкана) - автотуристтер үчүн техникалык тейлөө, май куюу жайы, гараж, автомобиль токтоочу жайы бар мейманкана; эшиги көчө тарапка караган (автомобиль токтоочу жайга каратылат) чакан мейманкана. М-дер негизинен 1 же 2 кабаттуу, айрым учурда түрдүү тейлөөнү камтыйт (ресторан, автомобиль аянтчасы, техникалык тейлөө, май куюу станциялары ж. б.) комплекстерди түзөт. М-дер чоң шаарлар менен курортторго жакын, автомобиль жолдорунун боюнда жайгашат. Тейлөө кызматтынын наркы минималдуу, арзан.