МОНЧОК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МОНЧОК - кооздук буюм; кыз-келиндер моюн­га тагынуучу жипке тизилген жасалга. М. шө­кулө, топу, элечек, бычак кыны, төштүк, туш кийиз, чач учтук ж. б. буюмдарды кооздоого пайдаланылат.

Түрдүү материал­дан (асыл таш, сөөк, мүйүз, жы­гач, айнек ж. б.) ар кыл формада (тоголок, сүйрү, көп кырдуу) жана чоңдукта, ортосу көзөлүп жасалат. М-тор байыркы замандан эле бел­гилүү. Ал неолит доорунда таштан жана сөөктөн, коло доорунда металлдан, о. кылымдарда айнектен, тоо хрусталы менен акак таштардан жасалган, к. Шуру.