МОНОХРОМАТОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:30, 4 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МОНОХРОМАТОР оптикада - оптикалык нурлануу спектринин кууш бөлүгүн алуу үчүн курал. М-дун элементи - дисперсиялоочу приз­ма жана дифракция торчосу. Объективдин фо­кус аралыгы менен дисперсия бурчун аныктайт. Дисперсиялык призма, дифракциялык торчо дисперсиялоочу элемент болуп эсептелет. Ар кан­дай спектрлер үчүн ар кайсы материалдан жа­салган призмалар керек. М-дун сапатын анын тактыгы жана жарык күчү аныктайт. М-дун объективи (коллиматордук жана фокустоочу) лин­задан жана күзгүдөн турат. Объектив күзгүдөн жа­салса, кеңири спектрдин диапазонун алат, лин­залуу объективден айырмасы спектрдин бир бөлүгүнөн башка бөлүккө өткөндө кайрадан фо­кустоо талап кылынбайт. Көзгө көрүнбөгөн уль­тракызгылткөк жана инфракызыл спектрлерде күзгүлүү объективди колдонуу ынгайлуу. М-дун колдонулушунун дагы бир артыкчылыгы - дис­персияны жогорулатат.