МОЗАМБИК
МОЗАМБЙК, Мозамбик Республикас ы - Африканын түштүк-чыгышындагы мамлекет. Түндүгүнөн Танзания, түштүк-батышынан ТАР жана Свазиленд, батышынан Малави, Замбия

жана Зимбабве менен чектешет, чыгышын Инди океаны чулгап жатат. Аянты 799,4 миң кмг. Калкы 22,1 миллион (2010). Борбору - Мапуту (1,2 миллион). Администрациялык-аймактык жактан 10 провинцияга бөлүнөт. Акча бирдиги - метикал.
Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2007) | |||
Провинциялары | Аянты, миң км2 | Калкы, миллион | Администрациялык борборлору |
Кабу-Делгаду | 82,625 | 1,64 | Пемба |
Газа | 75,709 | 1,26 | Шаи-Шаи |
Иньямбане | 68,615 | 1,32 | Иньямбане |
Маника | 61,661 | 1,44 | Шимойо |
Мапуту (шаар) | 0,602 | 1,13 | |
Мапуту | |||
(провинциясы) | 25,756 | 1,24 | Матала |
Нампула | 81,606 | 4,05 | Нампула |
Ньяса | 129,056 | 1,19 | Лишинга |
Софала | 68,018 | 1,68 | Бейра |
Тете | 100,724 | 1,81 | Тете |
Замбезия | 105,008 | 3,90 | Келимане |
М. - Африка өнүктүрүү банкынын, БУУнун (1975), Африка өлкөлөрү уюмунун (1975), ЭВФтин (1984), Эл аралык реконструциялоо жана өнүктүрүү банкынын (1984), Африка Союзунун (2002), ЮНЕСКОнун, Эл аралык саламаттык сактоо уюмунун, ИНТЕРПОЛдун мүчөсү.
Мамлекеттик түзүлүшү.
М. - унитардык мамлекет. Конституциясы 1990-ж. кабыл алынган. Башкаруу формасы - президенттик респ. Мамлекет жана өкмөт башчысы - президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы - бир палаталуу парламент (Республика Ассамблеясы). М-те көп партиялуу саясий система орун алган. Негизги саясий партиялары: Фрелимо партиясы, М. улуттук каршылык көрсөтүү партиясы ж. б.
Табияты.
Түштүк-чыгыш Африкада, Мозамбик кысыгынын жээгинде, Танзания менен Түштүк Африканын ортосунда жайгашкан. Түндүгүн Мозамбик (бийикт. 2419 м), батышын Матабеле платосу (1500-1600 м), чыгышын Мозамбик өрөөнү (туурасы 80-400 км) ээлеп жатат. М-тин аймагынын көпчүлүк бөлүгү Инди океанынын жээк тилкеси аркылуу (3000 кждей) созулуп жатат. Ал түндүгүндө бир нече бухта (Аскалуу жээк) менен бөлүнгөн. Түштүктү көздөй жээктердин бийиктиги төмөндөп, саздуу келет да, табигый гавандарды (Бейра, Мапуту, Накала, Пемба) түзөт. Эң бийик жери - Бинга тоосу (2436 м). Климаты түндүгүндө субэкватордук муссондук, түштүгүндө тропиктик пассаттык. Январдын орт. температурасы 26-30°С, июлдуку 15-
20°С. Жылдык жаан-чачыны 750-1500 мм. Ири дарыялары: Замбези, Лимпопо, Сави ж. б.; Ньяса (Малави) көлүнүн чыгыш жээги М-ке таандык. Нымдуу саванна, дайыма жашыл жана сейрек учуроочу токой өсөт. Жаныбарлары: африка пили, антилопа, зебра, керик, арстан, чөө ж. б. Кен байлыктары: көмүр, уран, темир, асбест, слюда, алтын ж. б. Коргоого алынган аймак өлкө аянтынын 6%тейин түзөт. Улуттук парктар, Эл аралык маанидеги Марроммеу комплекси бар.
Калкынын
көпчүлүгүн банту тилинде сүйлөгөн элдер (макуа, тсонга, малави, маконде ж. б.; 99,6%) түзөт. 0. эле европалыктар, индейлер жана метистер да бар. Расмий тили - португал
тили. Калкынын 80% и жергиликтүү динди, калгандары христиан жана мусулман диндерин тутат. Орт. жыштыгы 1 км2ге 24 киши (2004). Калкынын жашынын орт. узактыгы эркектериники - 65 жаш, аялдарыныкы - 72. Төрөлүүнүн деңгээли жогору (1000 адамга 44,6), өлүм-житим ЮООге 15,94 (жаш балдардын өлүмү өтө жогору, ЮООге 126). Шаар калкы 37% (2008). Ири шаарлары: Мапуту, Бейра, Нампула.
Тарыхы.
М. аймагында байыртан эле койсан тилинде сүйлөгөн адамдар (бушмендер менен готтентоттор) жашаган. Биздин замандын 300-ж. аларды түндүктөн келген банту тилинде сүйлөгөн уруулар сүрүп чыккан. Биздин заманга чейинки 1-миң жылдыктын аягында - 2-миң жылдыктын башында алгачкы таптык түзүлүш (эң ириси Мономотапа мамлекети) пайда болгон. 8-к-да М-ке арабдар келип, бир нече шаар-мамлекетти негиздешкен. 11-к-да М-ке жана Зимбабвеге шона элинин экспанциясы башталган. 16-к-да М-ке португалдар келип, мусулман шаар-мамлекеттерин бузуп, өз фортторун (Софала ж. б.) курган. Алар алтын издеп, ички аймактарга өтүп, плазо аталган ээликтерди түзүшкөн. Европалыктардын келиши менен жергиликтүү калк (бантулар) жер которуп кетишкен. 1820-40-жылдарда М-тин түштүгүн нгон уруулары басып алган. 1895-ж. португалдар нгондордун Газа мамлекетин талкалап, 20- к-дын башына чейин М-ти толук караткан. Биринчи дүйнөлүк согуштан (1914-18) кийин М-ке Рувума д-нын түштүгүндөгү жерлер кошулган. Португалия соода боюнча Индия, Түштүк-Чыгыш Азия жана Вразилия колониясы менен өнөктөшүүгө көңүл бурган. Эл аралык майданда улуттукбоштондук кыймылдардын таасиринин өсүшүнөн улам, 1964-ж. М-ти боштондукка чыгаруу фронтунун (МБЧФ, 1962-ж. түзүлгөн) жетекчилиги менен португал колониячыларына каршы куралдуу көтөрүлүш башталып, 1973-жылдын башында МБЧФ өлкөнүн х/4 бөлүгүн өз көзөмөлүнө алган. Португалиядагы куралдуу төңкөрүштөн кийин (1974-ж. апрель), М. боштондук алып, 1975-ж. 25-июнда көз карандысыз М. Эл Республикасы деп жарыяланган. 1980-ж. М-ке каршы
Түштүк Родезиянын, кийин ТАРдын жарыясыз баштаган согушунан өлкө бүлгүнгө учурап, баш аламандык күчөгөн. 1987-ж. калктын 1 млндон ашыгы оокаттын айынан үй-жайын таштап кетсе, 250 миң адам тамак-аш жетишсиздигинен чет элдик өлкөлөрдүн жардамы менен күн көрүп калган. 1994-ж. М-тин тарыхында алгачкы жолу демокр. парламенттик шайлоолор өткөрүлүп, Фрелимо партиясы жеңген (лидери Жакиму Чиссано, 1994-жылдан президент). 1994-98-ж. Фрелимо өкмөтү рынок реформасын ишке ашырууга багыт алган, мамлекеттик ишканаларды менчиктештирүү башталган.
Экономикасы. М.
- дүйнөдөгү жакыр мамлекеттердин бири. М-нын экономикасы чет элдик финансынын жардамы менен өнүгүүдө. ИДПнин көлөмү 20,17 миллиард долларды (2009, АКШ) түзгөн. Аны киши башына бөлүштүргөндө 900 доллардан туура келет. Андагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү (% менен) 45,4, ө. ж-дыкы 30,6, а. ч-ныкы 24. Боксит, таш көмүр, хром, титан ж. б. казылып алынат. 2007-ж 15,9 миллиард кВт-с электр
энергиясы өндүрүлгөн. Анын 90% ин «КабораБасса» ГЭСи өндүргөн. Алюминий (жылына 500 миң г), титан концентраттары, нефть продуктулары өндүрүлөт. А. ч. сырьёсун кайра шптетүүчү, металлургия, цемент, текстиль, бут кийим, тамак-аш ө. ж. ишканалары иштейт. Экспорттук а. ч. продуктулары: пахта, кешью жаңгагы, бал камыш, цитрус өсүмдүктөрү жана кокос пальмасы, чай, сизаль ж. б. Негизги азыктары - кассава; жүгөрү,
Мозамбик акчасы - метикал
күрүч, картөшкө, жашылча-жемиш жана тропик жемиштери. Эчки, кой, бодо мал, чочко асыралып, үй куштары багылат. Ошондой эле балык уулоо жана деңиз продуктуларын даярдоо менен алектенет. Автомобиль жолунун уз. 34,3 миң км (2008; анын ичинде асфальтталганы 6 миң км), т. ж-нуку 4,8. Замбези д-нда кеме жүрөт. Ири порттору: Мапуту, Бейра, Накала. Сыртка алюминий, электр энергиясы, а. ч. продуктулары, кант, креветка, жыгач, металл чыгарылатынча Негизги соода шериктештери: Европа союзуна кирген өлкөлөр, ТАР, Кытай, Зимбабве.
Маданияты.
Билим берүүсү мектепке чейинки тарбиялоону, 7 жылдык милдеттүү окутууну, кесиптик даярдоону жана жогорку билим берүүнү камтыйт. 15 жаштан жогору калктын сабаттуулугу 71% ти түзөт (2008). Окутуу англис жана португал тилдеринде жүргүзүлөт. 32 техникалык коллеж, 3 ЖОЖу бар. Күн сайын чыгуучу «Натисиаш», «Диариу де Мозамбик» жана жумасына бир жолу чыгуучу «Демос», «Доминго», «Саванна», «Фин де Семана» ж. б. гезит-журналдары, ошондой эле 4 телекөрсөтүү каналы, 7 радиостанциясы бар. М. адабияты 20-к-дын башынан португал тилинде өнүгүүдө. 1920-30-жылдары ага-инилер Жуан менен Жозе Албазин жана Э. Диаш ж. б. антиколониялык публицистикалык очерктёр жаратышкан. Поэзиянын башында Р. ди Норонья турган («Сонеттер», 1950; «Кенгелкезе», 1960). КийинО. Мендиш, Ж. Кравейриньи, Р. Ногара, С. Виейр ж. б. акындар, ошондой эле, Ж. Диаш, Л. Б. Онвана, Р. Жуниор, А. ди Фрейташ, Л. Магая, Л. Мопле сыяктуу ж. б. жазуучулар чыгышкан. М-тин аймагында антропоморфтук жана зооморфтук байыркы эстеликтер бар. О. к-да Зимбабве маданиятына таандык таш курулуштардын калдыктары сакталып калган. 1950-60- жылдары функционализмдин нугунда имараттар курулган. 1940-жылдан живопистин улуттук мектеби (школасы) калыптана баштаган. Көркөм өнөрдүн таралышы - чырпыктардан согуп жасалган себеттер, түрдүү боёктор менен кооздолгон идиш-аяктар өнүккөн. Музыкасында макуа, теонга, теонга, малави, маконде, суахили, тонга, яо ж. б. элдердин салттары сакталган. Мапутуда Улуттук театр жана маданият үйү бар. М-тин салттык музыкасынын үлгүлөрүн ТАРдагы Африка музыкасынын эл аралык
китепканасы жарыялап турат. Улуттук кинематографиясы көз каранды эместик жарыялангандан кийин өнүгө баштаган. 1975-ж. Лоренц-Маркишеде (1916-жылдан Мапуту) улуттук кинематография институту түзүлгөн. 1970-80-жылдары негизинен документ фильмдер тартылган. Алгачкы толук метраждуу көркөм фильм 1980-ж., анимациялык фильм 1982-ж. тартылган. 2006-ж. К. Ди Созынын «Жюно» документ фильми тартылган. 2006-жылдан Мапутуда документ фильмдердин фестивалы өтүп турат.
Ад.: Хазанов А. М. История Мозамбика в новое и новейшее время. М., 2006; Шарый В. И. Мозамбик, с которым можно и нужно сотрудничать. М., 2007. Мозамбик//Болыпая Российская энциклопедия. М., 2012. Т. 20.




