МОГОЛДОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МОГОЛДОР - турктөшүп кеткен моңгол уруу­лары. «Могол» («могул», «моңол») этноними Чынгызхандын уулдарына (Чагатай жана Үгөдөй) тиешелүү улуста (к. Моголстан) жашап кал­ган моңголдорго байланыштуу кирген. Бирок М. этнониминин жаралышы, калыптанышы, тилинин өзгөчөлүгү жөнүндө бирдей көз караш жок. Негизи мындай аталуу жергиликтүү (автохтондуу) эл­ден айырмалоо үчүн жалпылама түрундө кабыл алынышы мумкүн. Анткени М. көптөгөн түрк­моңгол урууларынан (кереит, каңглы, арканут, сулдуз, дуглат, чорос, итарчи, карлук, кончи, кушчу, калучи, баарын, булгачы, барлас, ар­лат, духтуй, йарки, долон, балыкчы, татар ж. б.) турган. Ошондуктан кээ бир окумуштуу­лардын аларды накта «моңгол» (В. В. Бар­толъд), экинчилери «түрк» (С. Аманжолов), үчүнчүлөрү (К. И. Петров) аралаш уруу, башка­лар (Н. А. Аристов) Чагатай тукумундагы хан­дарга кызмат кылган социалдык катмар ката­ры карашы бирдиктүү жыйынтык бербейт. Ки­йинки окумуштуулардын (мисалы, В. Юдин) пи­кири боюнча М. түрк тилинде сүйлөгөн (мисалы, «Ит эмген бахадур», «Теке секирген»), башкача айтканда каада­салты, хан сарайындагы даражалар («улусбе­ги», «ордабеги», «тугбеги», «йатышбеги», «ха­зиначи» ж. б.), жазуусу («Тарих-и Рашиди»),

энчилүү аты (Кудайкул, Беккул, Теңирберди ж. б.), ага караштуу уруулардын көбү түрктөргө («каңглы», «кушчу», «сагрыгчы», «бекчак» ж. б.) таандык болгон. Ошондуктан М. таза моң­гол эмес, алтайлыктарга жакын экендиги жөнүндө ойлор айтылат. Мухаммед Хайдар да М. менен кыргыздарды бир эл деп белгилеп, бирок «мо­гол хандарына каршы тынымсыз көтөрүлүш чыгарып тургандыктан, алардан бөлүндү болуп калганын» көрсөтөт. Тил жагынан дагы кыр­гыз менен казактарга жакындыгы (алтай тил то­бундагы кыпчак тили) далилденген. Мындай фактылар М-дун түрктөр менен байыркы заман­дан эле байланышы бар болушу мүмкүндүгүн көрсөтөт (к. Моңгол каратуулары). М. менен кыр­гыздардын этностук байланышы терең изилде­не элек (к. Моңолдор). Мухаммед Хайдар өз эмгегинде кыргыздардын М-го каршы тыным­сыз күрөшүп келгенин, башкача айтканда алардан бөлүнүүгө жасаган аракети тууралуу көптөгөн маалымат­тарды келтирет, бул алардын Тянь-Шандын жергиликтүү калкы болгон эместигин далилдейт. Сул­тан Саид хандын тушунда (1514-33) М-дун саны азайып, Мухаммед Хайдардын сөзү боюнча «Тур­пан жана Кашкар тарапта болгону отуз миңге жа­кын могол калган жана алар мусулманга айла­нышкан». 16-17-к-да Моголстандын саясий жактан начарлашына байланыштуу өз уруула­рынын аты менен башка элге (кыргыз, казак, өзбек) сиңип кеткен. Азыркы учурда КЭРдин Лобнор аймагында турган уруулар салыштыр­малуу түрдө о. кылымдагы М-го жакын (тек­теш) деп эсептелет. Бирок лингвистикалык жактан алар­дын кыргыз, казактарга жакын экени далил­денген.

Ад.: Аристов Н. А. Заметки об этническом составе тюркских племен и народностей и сведения об их численности//«Живая старина». Вып. III и IV. СПб., 1836; Малов С. Е. Лобнорский язык. Ф., 1956; Тенишев Э. Р. Еще раз о происхождении лобнорцев. // VII Международный конгресс антропологических и этнографических наук (Москва, август, 1964 г.). М„ 1964; Абрамзон С. М. Народные предания как источник для изучения этнической истории киргизов Центрального Тянь-Шаня // Этническая история народов Азии. М., 1972; Абрамзон С. М. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер. Б., 1999; Мухаммед Хайдар Дулати. Тарих-и Рашиди. А., 1999. Т. Асанов.