МУФЕЛЬ
МУФЕЛЬ (немисче Muffel) - муфель мешине ысытылуучу материалдарды (буюмдарды) отундун күйүү продуктуларынан, жалынынан сактоочу камера. Ал отко туруктуу материалдан же ысыкка чыдамдуу болоттон жасалат. Айрым учурда М. атайын коргоочу газ (аргон, гелий, неон ж. б.) менен толтурулат.