МУУНЧУЛ-БАСЫМЧЫЛ ЫР ТҮЗҮЛҮШҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУУНЧУЛ-БАСЫМЧЫЛ ЫР ТҮЗҮЛҮШҮ, си л­лабикалык-тоникалык ыр тү­з ү л ү ш ү - ыр саптарындагы муун сандары­нын бирдейлигине жана саптагы жайгашуусуна негизделген ыр системасы. Адабиятчы К. Кара­баев кыргыздын ырларында муундардын жана ба­сымдардын сандары, басымдардын орундары бир түрдүү болорун белгилеп, бул жагынан кыр­гыз ырларынын түзүлүшү муун-басымга негиз­делген сыяктуу дейт. Бул пикир боюнча кыргыз ырлары М.-б. ы. т-нө кирүүгө тийиш, бирок изилдөөчү кыргыз тилинде басымдын сөздүн маа­нисин өзгөртүүчү касиетке ээ эместигин эске албаган.