МУТАЦИЯ
МУТАЦИЯ (латынча mutatio - өзгөрүү) б и о л ог и я д а - генетикалык материалдын организмдин тигил же бул белгилеринин өзгөрүшүнө алып келүүчү күтүлбөгөн жерден табигый же жасалма пайда болгон тукум куума өзгөрүүлөрү. «М.» терминин илимге голланд. ботаниги X. Де Фриз киргизген (1901). М. - эволюциянын алгачкы материалы, ал ДНК молекулаларынын бузулушунан болот. Кээ бир гана М. организмдин мүнөздөмөсүн жакшыртат. М. механизмдери молекулалык деңгээлде 20-к-дын орто ченинде молекулалык генетиканын өнүгүшү менен айкын боло баштаган. Эгерде М. жапайы типтин белгилерин өзгөртсө, т ү з М., ал эми жапайы типти толук же бир аз калыбына келтирсе, т е с к е р и М. деп аталат. М. генерациялык, сомалык, ядролук жана цитоплазмалык болуп айырмаланат. Генетикалык материалдагы өзгөрүүлөрдүн мүнөзүнө жараша чекиттик М., инсерциялар, хромосомалардын кайрадан түзүлүшү жана хромосомалардын санынын өзгөрүшүн камтыган М-ларга да бөлүнөт. Чекиттик М-да ДНК же РНК нуклеотиддеринин жубунун түшүп калышынан же арасына кошулушунан болот. Инсерциялар - ДНК молекулаларынын генге киргизилиши, көбүнчө анын активдүүлүгүнүн төмөндөшүнө (инактивация) алып келет же оперондордо күчтүү карама-каршы натыйжаны (уюлдук эффектти) пайда кылат. Хромосомалардын кайрадан түзүлүшү негизинен генетикалык материалдын гомол. эмес бөлүктөрүнүн рекомбинацияланышынан келип чыгат. Генетикалык аппараттын өзгөрүшүнө байланыштуу М. геномдук, хромосомалык жана гендик болуп бөлүнөт. Г ен о м д у к М. организм клеткаларындагы хромосомалардын санынын өзгөрүшүнө байланыштуу. Хромосомалык М. генетикалык материалдын гомол. эмес бөлүктөрүнүн рекомбинациясында болот. Ага инверсия, транслокация, делеция, дупликация жана фрагментация кирет. Г е н д и к М-да айрым гёндердин химиялык түзүлүшү өзгөрөт. М-нын натыйжасында организмде түрдүү биохим., физиол. жана морфол. белгилер өзгөрүшү ыктымал. Мындай өзгөрүүлөр организмдин кээ бир белгилерин өтө кескин өзгөртсө, кээ бир белгилерин-анча-мынча гана өзгөртөт. Полиплоиддүү мутанттар негизинен клетканын же бүтүндөй организмдин көлөмүнүн чоңоюшу менен мүнөздөлөт. Гаплоиддүү мутанттардын клеткалары майда жана гаметалар толук хромосома санына ээ болгондуктан, тукумсуз болушат. Гендик М. бардык М-нын негизи болуп, организмдин белгилерин көптөгөн өзгөрүүлөргө алып келет. Анын көбү организмге зыяндуу (мутант ген көбүнчө майыптыкка, ар андай ооруларга, ал тургай өлүмгө дуушар кылат). Гендик М. доминанттуу, жарым доминанттуу жана рецессивдүү болушу мүмкүн (к. Доминанттуулук, Рецессивдуулук). Натыйжада гендер ар түрдүү абалда болуп, организмдин белгилерине көп түрдүү таасир тийгизет. Гендик М. көп убакта организмдеги процесстерди өзгөртөт, тукум берүү касиетин төмөндөтөт. Чанда организм касиеттерин жакшырткан М. да болот, алар аз кездешсе да табигый тандалуу жана жасалма тандоого материал болот жана эволюциянын жүрүшүндө мааниси бар. Айрым М. бакча өсүмдүктөрүн жана гүл өстүрүүдө жаңы сортторду чыгарууда пайдаланылат. Геномдук М. - тукум куума ооруларды жана кишинин тубаса кемтигин пайда кылышы мүмкүн. Ошондуктан кишини түрдүү мутагендердин таасиринен коргоо негизги орунда турат.