МУСУЛМАНКУЛ (1794-1853)
МУСУЛМАНКУЛ (1794-1853) - Кокон хандыгындагы саясий ишмерлердин бири, миң башы (1843-44), аталык (1845-53). Кээ бир маалыматта теги ферганалык кыпчактардын кулан уругуна таандык болгону, энеси жана аялы кыргыз экени, ошондуктан кыргыздарга жээн, ал эми Шераалы ханга жакын бөлө болгону айтылат. 1842-ж. Бухара эмири Насрулла Мадалы ханды өлтүрүп, Кокон ш-н алганда, Нүзүп бийдин колдоосу менен эмирдин аскерине каршы жүрүшкө катышып, Ташкент жана Кожент ш-н кайрадан Коконго каратууда чоң роль ойногон. Мындан кийин хан сарайдагы саясий иштерге тартылып, Нүзүптү өлтүрүүгө катышкан. Нүзүп бий өлгөндөн кийин аскер бийлиги М-дун колуна топтолгон. Кыпчактар бийликтин маанилүү бутактарын ээлеп, отурукташкан башка урууларга кысым күчөгөн. 1845-ж. алайлык кыргыздар козголоң уюштуруп, Шераалы ханды өлтүрүп, такка Алим хандын уулу Мурадды отургузушкан. Мурад хан ошол замат бийлик эгеси Насрулла экенин жарыя салып, кокондуктардын нааразылыгын туудурган. Аны уккан М. он бир күндөн кийин Коконго кирип, Мурад ханды өлтүргөн жана күч менен кызын берип, такка Кудаярды отургузган. М. өзүн аталык жарыялап, бийликти толук колуна алган. Ички саясатында жаңы жерлерди өздөштүрүү, канал казуу, суу жүргүзүү жана көпүрөлөрдү салууга салым кошкон. Тышкы саясатында күчтүү бийликти жактап, ОроТөбө, Кожент, Ташкент бектерине каршы жүрүш уюштурган. М-дун бийлигине кыргыздар гана эмес Ташкент ш-нын беги Нарманбет да ачык каршы чыккан. Аны ордодогу өзбек, кыргыз, ал түгүл кыпчактардын бир тобу колдоп, Кудаяр ханды да өз тарабына тартып алууга жетишкен. 1852-ж. күз айларында М. жетектеген кол Былкылдама деген жерден Кудаяр хан башчылык кылган кыргыз-өзбектердин колу менен беттешип, кыпчактардан бир нече миң киши курман болгон. М-ду өзүнүн жакын адамдары кармап беришкен. Кудаяр хан аны 600 адамы менен дарга астырган жана бүтүндөй Фергана өрөөнүндөгү кыпчак калкын тукум курут кылууга буйрук берип (к. Кыпчак кыргыны), алардын жерин казынага алып, сатыкка койгон.
Ад.: Наливкин В. Краткая история Кокандского ханства. Казань, 1886; Бейсембиев Т. К. «Тарих-и Шахрухи» как исторический источник. А. 1987; Кененсариев Т. Кокон хандыгы жана кыргыздар. Ош, 1997; Хасанов А. Избранные труды. Очерки по~истории Киргизии. Б.; М., 2004.